08:30, 24 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Палестина мамлекетин расмий тааныган Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин саны акыркы күндөрдө бир нече өлкө өз чечимин жарыялагандан кийин 157ге жетти. Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» маалымат агентиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Израилдин Газаны басып алуусу уланып жатканына жана глобалдык нааразылыкты жараткан кыргындарга карабастан, мурда Палестинаны тааныбаган тогуз өлкө аларды тааныганын жарыялашты. Ушуну менен БУУга мүчө мамлекеттердин жалпы саны 193 мамлекеттин 157ге жетти.
Палестина мамлекетин тааныгандардын арасында БУУга мүчө болбогон Ватикан дагы бар.