БШКга эки жаңы мүчө шайланды: алардын бири мурдагы мамлекеттик катчы

11:17, 24 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-сентябрдагы жалпы жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына эки жаңы мүчө шайланды.

Президент Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаповдун талапкерлигин көрсөттү.

Эскерте кетсек, Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылдын октябрында мамлекеттик катчы болуп дайындалып, 2025-жылдын май айында кызматынан бошотулган.

Кабылбек Мамбетапов буга чейин Сузак райондук мамлекеттик администрациясында (Жалал-Абад облусу) түрдүү кызматтарды аркалап, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, Айыл чарба министрлигинде Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын директору болуп иштеген. 2012-жылы «Ата Журт» саясий партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору болуп эмгектенген.