25-сентябрга карата аба ырайы

18:10, 24 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 25-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот.

Кыргызгидромет билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө +22 ... +27,

Талас жергесинде +21... +26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +24... +29,

Ысык-Көлдө +17 ... +22,

Нарында +18... +23 градуска көтөрүлөт.

Бишкек шаарында күндүн табы+25... +27 градуска жетет.