Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстандын аймактарында калк менен жолугушууларды улантууда.
Эскерте кетсек, бул жыйындар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өтүүдө.
Өзгөчө шайлоочулар аралыктан добуш берүү кандайча өтөөрү, талапкерлерге добуш берүү эрежелери, талапкерлерге коюлган талаптар ж.б. маселелер кызыктырды.
БШК мүчөлөрү шайлоочулар туруктуу катталган дареги боюнча участогунда добуш бере албай калган учурда башка округдан добуш бере аларын түшүндүрүштү. Бир округдун ичинде шайлоочунун өз шайлоо участокторунан башка жерде аралыктан добуш берүүсүнө жол берилбейт.
Ошондой эле бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере аларын баса белгилешти. «Бир шайлоочу — бир талапкер — бир добуш» эрежеси жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.Аталган жолугушууларга облус жана шаар жетекчилиги, акимдер, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар, жаштар, активдүү жашоочулар ж.б. катышууда.
Жалпысынан жыйындарга 50дөн 400 адамга чейин катышууда. Калк менен жолугушуулар эртең дагы уланат.