10:24, 25 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстанда жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Таш-Кыя айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышта, Кадам-Жай айылынан 8 чакырым түндүктө, Кызыл-Кыя шаарынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бакен шаарынан түндүк-чыгышта 25-сентябрда саат 7:20да катталган.
Таш-Кыя айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.