Орусия искусство университеттерине кыргызстандыктар үчүн 30 квота бөлөт

11:31, 25 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Россиянын Россотрудничества агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Шевцов менен жолугушту.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар гуманитардык жана маданий чөйрөлөрдөгү биргелешкен демилгелерди талкуулап, өзгөчө көңүлдү китепканаларды санариптештирүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана китепкана инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурушту.

Россия тарап 2026/2027-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын чыгармачылык жогорку окуу жайларына 30 квоталык орун бөлүнөрүн ырастады. Ошондой эле кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө жаштар саясаты маселелери да көтөрүлдү. Жаштарды колдоого жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен форумдарды, жаштар алмашууларын жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.