14:13, 25 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо бардык зарыл процедураларды эске алуу менен 30-ноябрга дайындалат. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Анын айтымында, депутаттар өз алдынча таркатуу чечимин кабыл алышкан — «президент да, министрлер кабинети да кысым көрсөткөн эмес».
Ал ошондой эле 7-чакырылыштагы депутаттардын легитимдүүлүгү кийинки чакырылыш түзүлгөнгө чейин сакталарын белгиледи.
«Жогорку Кеңештин төрагасы катары айта алам: Конституцияда жазылгандай, өзүбүздү таркатуу боюнча чечимибизге карабастан, биздин бардык ыйгарым укуктарыбыз парламенттин кийинки, сегизинчи чакырылышы ант бергенге чейин күчүндө болот. Эгерде өзгөчө кырдаал жаралса, мен кезексиз сессияны чакырууга укугум бар. Биз иштеп жаткан парламент катары кала беребиз, шайлоонун күн тартибине киришебиз», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ал добуш берүү «мурдагыдан да таза болот» деп ишендирди.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, президент парламент өзүн-өзү тараткандан кийин беш күндүн ичинде шайлоону дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон учурда Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамда каралган бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөтү үчтөн бир бөлүгүнө кыскартылат. Андыктан жарлыкка 30-сентябрда кол коюлуп, добуш берүү 30-ноябрга белгилениши мүмкүн.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтомду бүгүн колдоду. Жыйынга катышкан 89 депутаттын 84ү «макул» деп добуш берди. Эч ким каршы добуш берген жок.