16:54
USD 87.40
EUR 102.47
RUB 1.05

Ош шаарынын мэри президенттин сөгүшүнө кандай жооп берди?

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президенттен алган катуу сөгүшүнүн себебин айтуудан баш тартты. Журналисттер менен болгон маегинде, ал сынды мойнуна алып, ишин улантууга убада берди.

Сөгүш жакында эле Ош шаарынын «Ош-Сити» курулушуна мэриянын рейдине байланыштуубу деген суроого Жеңишбек Токторбаев жооп берүүдөн баш тартып, комментарий бербей турганын билдирди.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров буга чейин мэрге «милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы» жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн катуу сөгүш жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар