11:55
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Быйылкы «Мисс Кыргызстан-2025» наамын ким алды?

Бишкекте «Мисс Кыргызстан-2025» улуттук сулуулар сынагынын финалы өттү. Сахнага өлкөнүн эң сулуу, таланттуу айымдары бири-биринен өтүп, ат салышты.

«Мисс Кыргызстан-2025» наамын 19 жаштагы Аяна Расул кызы жеңип алды. Бул ал үчүн чоң сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик экенин да моюнга алды. Таажысы менен бирге 200 миң сомдук сертификатка ээ болду.

«Мен биздин өлкөдө ар бир кыз өзүнө ишенип, эмгек, өжөрлүк, Мекенге болгон сүйүү ар дайым жеңишке алып келерин билүүсүн каалайм», — деди Аяна жыйынтык чыккандан кийин.

Калыстар тобу негизги жеңүүчүдөн башка дагы үч катышуучуга Гран-при ыйгарды:

Анара Эсенгелдиева «Кыргызстандын Аалам сулуусу» наамын алып, Кыргызстандын атынан «Аалам сулуусу» сынагына катышат.

Медина Эрмекова жана Сюзанна Уметова Miss Kyrgyzstan International наамына ээ болушту жана Miss International сынагына катышат.

Эске салсак, Аяна ырчы Айгерим Расул кызынын сиңдиси жана Кыргызстандын эл артисти Расул Маматкулованын кызы.

Эң көп окулган жаңылыктар