15:30, 25 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Оштун Жапалак айылында жаңы спорт комплексинин курулушу башталганын Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 82 млн сомду түзөт.
Объекттин курулуш-монтаждоо иштери «Байсал Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.