Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "«Ала-Тоо Резорт» пансионатына баруучу жолдун курулушу жүрүп жатат.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Жыргалаң айылынан эс алуу жайына чейинки 8,5 чакырым аралыкта жолду казуу, кеңейтүү, тегиздөө, ныктоо иштери жүрүп жатат. Иш эки сменада жургузулуп жатат.
Курулушка № 11 жол тейлөө ишканасы келишим түзүлгөн. Каржылоо «Мамлекеттик капиталдык салымдар» бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
Негизги казуу жана жолду кеңейтүү иштерин быйыл бүтүрүү пландалууда. Жер астындагы катмарды даярдоо жана асфальт төшөө 2026-жылдын күз айларына пландаштырылган.