26-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

18:22, 25 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28;

Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26;

Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22.

Бишкек шаарында түнкүсүн 11...13°, күндүз 24...26° жылуу болот.