11:59
USD 87.45
EUR 102.69
RUB 1.04

Кыргызстандын «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме

Республикалык «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгында Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы № 22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовна баш байге ээси — «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды.

Сынакка республиканын бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча мөөрөй талашты.

Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкүдөй сынактардан өтүштү:

«Педагогикалык кырдаалдар» — педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;

«Мастер-класс» — кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;

«Сабак» — практикалык сабак өтүү сынагы.

Калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Атап айтканда:

— Бишкек шаарындагы № 68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Токтоноева Ардак Аналбековна мыкты башталгыч класстар мугалими;

— Ош шаарындагы № 43 З.М. Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Салахудинова Озада Хасанбаевна мыкты орус тили жана адабияты мугалими;

— Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Асылбеков Азирет Эмилевич мыкты тарых мугалими;

— Ош шаарындагы № 4 С. Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Адам жана коом» предмети боюнча мугалими Хафизова Зулхумор Шакиржановна «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим;

— Өзгөн районундагы № 14 А. Тангатаров атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин англис тили мугалими Шорохова Махабат Абдрасуловна мыкты чет тил мугалими;

— Алай районундагы № 4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин география мугалими Абдиев Эрали мыкты география мугалими;

— Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Шаршенбаева Надира Абадановна «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим;

— Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Урпалыев Кубанычбек мыкты музыка мугалими;

— Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Кыдыров Асылбек Бердибекович мыкты дене тарбия мугалими;

— Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин көркөм сүрөт искусствосу боюнча мугалими Чынасылова Айнура Аскарбековна көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим деп табылды.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүн утурлай 4-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Аталган конкурс мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Эң көп окулган жаңылыктар