11:56
USD 87.45
EUR 102.69
RUB 1.04

Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында, Мамлекет башчысы Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри, азыркы Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун Аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Андан соң ошол эле күнү Президент АКШ Президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Экинчи күнү Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты, ага дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары жана делегациялар катышышты.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды.

Андан ары Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бир катар жолугушуулар болуп өттү: анын ичинде Президент Садыр Жапаров Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-австриялык кызматташтыктын маселелери талкууланды, анын ичинде экономика, инвестиция, экология жана туризм чөйрөсү бар.

Ошондой эле Кыргызстандын Президенти Намибиянын Президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту, анда тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибиялык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты (эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөн).

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Габон Республикасынын Президенти Брис Клотер Нгема менен жолукту.

Бул жолугушууда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Президенттин кийинки сүйлөшүүсү Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало менен болду.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер диалогду өнүктүрүү ниетин ырастап, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоого макулдашышты.

Андан ары Президент Садыр Жапаров АКШ Президентинин Глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Дебаттардын алдында Мамлекет башчысы Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен кыска жолугушуу өткөрдү. Лидерлер аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ мамлекет башчыларынын алдыдагы Саммити боюнча маселелерди макулдашты.

Ошол эле жерде Президент Садыр Жапаровго Франциянын Президенти Эмануэль Макрон менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Лидерлер эл аралык күн тартибин да талкуулашты.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанга каршы адилетсиз санкцияларды алып салууга, тоңдурулган афган активдерин афган элине кайтарууга жана Палестинадагы геноцидди токтотууга чакырды.

Садыр Жапаров ошондой эле өзөктүк куралдан баш тартууну, тынчтыкты орнотуу ишмердүүлүгүн күчөтүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракеттерин колдоду.

Андан соң ошол күнү мамлекет башчылары үчүн АКШнын Президенти Дональд Трамптын жана АКШнын Биринчи айымынын атынан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына карата кабыл алуу болду.

Сапардын үчүнчү күнү Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң Башкы Ассамблеянын алкагында Президент Садыр Жапаров Тонга Королдугунун Премьер-министри Аисаке Эке менен жолукту.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагындагы демилгелерди өз ара колдоого макулдашышты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.

24-сентябрда Мамлекет башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууда өткөн жумада Үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салым (УДАС) боюнча документ кабыл алынганын белгиледи.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Португалиянын Президенти Марселу Ребелу де Соза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушууларды жыйынтыктап, Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен кыска сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы жыйынында да сөз сүйлөдү.

Жыйындын аягында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2027—2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарын аяктап, 25-сентябрда Бишкек шаарына кайтты.

Эң көп окулган жаңылыктар