Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдык поэзия кечеси өттү

09:00, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгына арналган поэтикалык-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

«Мени сактап жүргөн элге ырахмат» аттуу мааракелик кече — акындын өмүр жолу, чыгармачылык салымы жана улуттук поэзиядагы ордуна арналган руханий, көркөм иш-чара болду.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгына арналган кече өттү
Кечеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, Маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев , коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жакындары катышты.

Министр өз сөзүндө «Шайлообек агайдын ырлары — кыргыз рухунун, элдин жүрөгүнүн, турмуш чындыгынын көркөм элчиси. Агайдын чыгармачылыгы — бүтүндөй бир доордун үнү,» —деп белгиледи.

Кечеде акындын поэзиясы сахнада көркөм окулуп, музыкалык чыгармалар менен коштолду. Даректүү видеофильм, ыр аткаруулар жана китеп көргөзмөсү уюштурулду. Зал толо меймандар поэзия кечесинен руханий азык алып, акынга терең урматын билдиришти.