11:16, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Чүй облусундагы «Чалдовар-Автожол» өткөрмө пунктунда мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коррупциялык схемага Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Транспорт министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл инспекциясынын кызматкерлери тартылган.
Алар товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып өтүүдө жасалма коштомо документтерди колдонушкан. Көзөмөл органдарынын кызматкерлери «талкачтар» менен сүйлөшүп алып, товарлардын көлөмү жана наркын бурмалап көрсөтүшкөн. Акчалай сый акы накталай жана «М-Банк» электрондук капчыктары аркылуу берилген.
2025-жылдын 24-сентябрында жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында:
Мамлекеттик салык кызматынын 7 кызматкери,
Чек ара кызматынын 6 кызматкери,
Транспорт министрлигинин 4 кызматкери,
Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери жана бир катар «талкачтар» кармалды.
Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери уланууда.