03:12
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Ажылык — 2026: Зыяратчылар өздөрүн электрондук тизмеден текшере алышат

Ажылык сапарына баруу үчүн Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандар боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми зыяратчылар аймактык операторлорго толук катталып, керектүү документтерди тапшырышы керек. Андан кийин бирдиктүү электрондук тизме түзүлөт. Анда 2026-жылы ажылык сапарга баруу укугу кимге берилгени жана кимдердин кезекте турганы көрсөтүлөт.

Бул маалымат 2025-жылдын 23-сентябрь күнү Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга гана тиешелүү экени баса белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар