13:45
USD 87.45
EUR 102.69
RUB 1.04

Бишкектин Турусбеков көчөсү жарым-жартылай жабылды. Себеби

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бишкектин Турусбеков көчөсү жылуулук трассасынын бир бөлүгүн алмаштырууга байланыштуу жарым-жартылай жабылды.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы мурунку «Тунгуч» театрынын имаратын (мурда «Metro Pub» түнкү клубу болгон) капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда бүтүрүү иштери аяктоо алдында турат, бирок жылуулук трассасынын бир бөлүгүн алмаштыруу керек.

Мындан улам Турусбеков көчөсүнүн батыш тарабында Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы унаа кыймылы убактылуу жабылды. Чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калууда.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, ишти 29-сентябрга чейин аяктоо пландалып, андан соң аталган тилкеде кыймыл толук калыбына келтирилет.

Эң көп окулган жаңылыктар