Бишкекте кош бойлуу аял патрулдук унаада төрөдү

12:48, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги төрөт үйүнө бараткан аял патрулдук унаада төрөгөн. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлерине жаран кайрылып, тез арада кош бойлуу аялды төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам берүүсүн сураган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам чара көргөнүнө карабастан, аял төрөт үйүнө бара жаткан жолдо төрөп койгон.

Эне жана наристе дарыгерлерге өткөрүлүп берилип, зарыл медициналык жардам көрсөтүлдү.