14:31, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын министрлер кабинети өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ болгон «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык зонасын башкаруу боюнча кеңештин иш тартибин бекитти. Тиешелүү токтом «Тамчы» өзгөчө укуктук зонасы жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынды.
Документке ылайык:
Кеңештин курамы жана иш тартиби бекитилет;
министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга анын ишине көмөк көрсөтүү тапшырылсын;
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.