14:39, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Социалдык тармактарда кээ бир шылуундар аз үстөк менен насыяларды сунуштаган жарнама таралууда. Бул дагы бир алдамчылык экенин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда айрым алдамчылардын жаңы схемасы таралууда.
Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз.
"Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы.Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!",-деген ал.