Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды

15:06, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жайды табышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылган.

УКМКнын басма сөз кызматы . Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр алынган:

— 1 даана АКС-74 автоматы;

— 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;

— 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.

Белгиленгендей, ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.