Бишкек мэриясы Эркиндик бульварынын абалы боюнча тургундун арызына жооп берди

16:24, 26 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Эркиндик бульварын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө таманташтарды кошпогондо 80 пайызга жакыны бүткөрүлдү. Мэрия таманташтар жок болгондуктан, калган иштерге тендер каралып жатканын тактады.

Эскерте кетсек, окуяга күбө болгондор Эркиндик бульварында таштанды челектери, отургучтар сынып, брусчаткалар бузулуп, бардык жерде топурак, таштандылар бар экенин билдиришкен. Ит ээлери үй жаныбарларын артынан тазалабай, «Шоро» компаниясына таандык балдар аянтчасы экспромт базарга айланып кеткен. Тургундар бийликтен аймакты тазалоо жана оңдоп-түзөө чараларын көрүүнү, ошондой эле коомдук мейкиндикти көзөмөлдөөнү күчөтүүнү суранышты.

Жаңылыктарды WhatsApp аркылуу 0555312024 номерине жөнөтүп кабарласаңыз болот.