Кыргызстанда быйылкы жылдын сегиз айында мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешеси 26,5 пайызга өстү. Бул сандар Каржы министрлигинин отчетторунда камтылган.
Маалыматка ылайык, январдан августка чейин 275,6 миллиард сом салык чогултулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57,8 миллиард сомго көп.
Бул мезгилдин ичинде мамлекеттик бюджеттин бардык кирешелеринин үчтөн эки бөлүгүн салыктар түздү.
2025-жылга салыктык кирешелерди чогултуу планы 394,7 млрд.
Келерки жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоорунда салыктын алдын ала күтүлгөн көлөмү 460,5 миллиард сомду түзмөкчү.