Төмөн жана орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 29-сентябрдан 2-октябрга чейин борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Газ өчүрүлө турган райондор:
Алыбаев, Крылов, Железнодорожная, Осмонов көчөлөрү — 1-2-октябрга чейин;
Мурманск, Гагарин, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү — 29-30-сентябрга чейин.
Учурда ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Шаар бийлиги тургундардан өчүрүүлөр учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.