11:17, 29 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда Барскоон — Бедел эл аралык унаа жолунда өлкөдөгү эң ири эки туннелдердин курулушунун башталышына расмий түрдө старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, Барскоон — Бедел автожолун куруудагы негизги объекттерге кирген Сөөк жана Ашуу-Суу ашууларында эки тоннелди куруу иштери башталды. Сөөк ашуусунда курула турган туннелдин узундугу 5 340 метрди, ал эми Ашуу-Суу ашуусундагы туннелдин узундугу 3 840 метрди түзөт. Бул өлкө тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал туннелдерден болуп калат.
Мындан тышкары, Барскоон — Бедел автожолунда көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел жүрүүдөн коргоочу тосмолорду куруу каралган. Ошондой эле, жол жүрүүчүлөргө керектүү объекттер да курулат. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт.
Барскоон — Бедел эл аралык автожолу өлкөнүн транспорттук байланышын өнүктүрүүдөгү негизги элементтердин бири. Туннелдердин курулушу убакытты үнөмдөөгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.