Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жер тилкеси 1964-жылы облуста өнөр жай объектилерин өнүктүрүү максатында түзүлгөн мурдагы колхоздор аралык курулуш уюмуна (ККУ) тиешелүү болгон. Ошол кезде аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн райондук аткаруу комитети 4 гектар жер бөлүп берген.
2004-жылы Ч.К. акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган. Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.