Талас районундагы стратегиялык маанилүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

12:05, 29 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Талас районундагы стратегиялык маанилүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстан менен чектеш тилкеде Манас районунун прокуратурасы тарабынан текшерүу жүргүзүлүп, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз — Талас — Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Жер тилкеси
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.