15:59
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Мыктыбек Оролбай уулу UFC турниринде швециялык Жек Херманссон менен беттешет

Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунун кезектеги беттешин Жек Херманссон менен өткөрөт. Бул тууралуу UFC сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, беттеш 22-ноябрда Катардын Доха шаарында UFC Fight Night турниринде өтөт.

UFC
Фото UFC. Мыктыбек Оролбай уулу менен Жек Херманссон беттешет

Бул кыргызстандык менен норвегиялык-швециялык мушкердин алгачкы жолугушуусу болмокчу.

Мыктыбек Оролбай уулу буга чейин Азербайжанда өткөн UFC турниринде кыргызстандык Тофик Мусаев менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген.

Кыргызстандык мушкердин Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунда эки жеңиши жана бир жеңилүүсү бар.

Эске салсак, Мыктыбек Оролбай уулу 2018-жылдын август айында профессионалдык аралаш мушташ боюнча дебют жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-сентябрь, дүйшөмбү