Алдамчылар үгүтчү катары үйлөргө киришет. БШК шылуундар тууралуу эскертет

14:17, 29 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Шайлоо өнөктүгү маалында өздөрүн үгүтчү катары көрсөтүп, үйгө кирип, элди алдап жүргөн шылуундар, уурулар көп пайда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү Кайрат Маматов Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, дал ушундан улам милиция кызматкерлерин алып келип, тартип сакчыларын коомдук коопсуздукка көңүл бурууну талап кылууда.

«Укук коргоо органдары үгүтчүлөрдүн тизмесин сурап, рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул чаранын зарылдыгын саясий партияларга, талапкерлерге түшүндүрүп жатабыз», — деди Кайрат Маматов.

Эске сала кетсек, 25-сентябрда жетинчи Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүн таркатууга добуш беришкен. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, президент парламенттик шайлоонун датасын 30-сентябрга чейин белгилеши керек.

Бардык зарыл процедураларды эске алуу менен Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын кезектеги шайлоосу 30-ноябрга белгиленгени анык.