Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда Түп — Кеген жолун ачты

15:30, 29 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп — Кеген жолунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.

Мамлекет башчысы бардык жакшы ой-максаттарыбыз дал ушул өнүгүүнү өзөгүн түзгөн жолдорубуздун жакшырышы менен иш жүзүнө ашарын белгиледи. «Авто жол жакшы салынган жерде алака-катыш жанданып, соода, экономика өнүгүп, туризм өсүп, элдин жашоо-турмушу жогорулайт», — деди ал.

Президенттик Администрация. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда Түп — Кеген жолун ачты

Президент бүгүнкү күнү өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Буга байланыштуу ал бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатканын баса белгиледи. Алсак, үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Ошентип, Садыр Жапаров жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Буга 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү айкын мисал.

Мамлекет башчысы өзгөрүүлөр урбанизация процесстерин азайтууга жана туура жолго салууга шарт түзөрүнө ишеним артты. Айылдын эли чоң-чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Ошко качпастан, элетте дагы жумуш менен камсыз болуп, ишкердикти өнүктүрүп, тыңдап оокат кылууга боло турганына ишене баштады.

«Ошондуктан, кайсы жерде салынбасын, оңдолуп-түзөлбөсөн жаңы жол — ошол аймактарды бириктирип турган гана инфратүзүм эмес, элдин алака-катышын, биримдигинин чыңдай турган жана мамлекетибиздин өнүгүү келечегин аныктай турган өзүнчө бир багыт десек туура болот», — деди Президент.

Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп—Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39—76-чакырымындагы тилке жана Каркыра—Турук—Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толук жаңыдан оңдолду.

Мамлекет башчысы бул жол кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин өзгөчө белгиледи. Ошентсе да долбоор бир гана жол курулушу менен чектелбейт. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.