Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн, 30-сентябрда убактылуу ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 16:00гө чейин Үсөнбаев көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрдү кайра кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү аймактарда ысык суу берилбейт.
Шопоков көчөсү, 34;
Бөкөнбаев көчөсү, 61.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.