Ош шаарынын мэриясы электромобилдерге өтөт

11:16, 30 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев экологиялык жактан таза транспортко өтүүнү демилгелеп, мэриянын жана мекеме-ишканалардын кызматтык унааларын электромобилдерге алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу шаардын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 30-сентябрда жаңы алты электромобиль унаалары шаардык кеңеш төрагасына жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчиге тапшырылды.

Ош мэриясы

Ош шаарынын мэриясынын автогаражындагы унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май коротуп, сатып алууга эле жылына 3 миллион сомдон ашык каражат кетет. Андыктан бюджетти үнөмдөө менен электромобилдерге өтүү максаттуу жана экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат.