Бишкектеги төрөт үйүндө салмагы 5 килограммдан ашкан алп наристе төрөлдү

12:04, 30 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин экинчи төрөт үйүндө сейрек учураган окуя болду. Андагы кош бойлуу аял 5,425 килограмм салмакта, 56 сантиметрлик уул төрөдү. Бул тууралуу үй-бүлөнүн тууганы кабарлады.

Бул салмак жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн адаттан тыш болуп саналат, анткени орточо ымыркай 3-3,5 килограмм салмакта төрөлөт.

Фото 24-kg.com окурманы

Үй-бүлөнүн айтымында, эне менен баланын абалы жакшы.