13:13, 30 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрына жаңы жетекчи дайындалды. Замирбек Татиев директор болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Замирбек Татиев 1986-жылы туулган. Ал Кыргыз республикалык маданият техникумун жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча музыка жана ыр мугалими, ошондой эле кинооператор.
Ал маданият тармагында 20 жылга жакын эмгектенип, Н.Байтемиров атындагы маданият ордосунда ар түрдүү кызматтарды аркалаган. 2022-жылы ошол мекемени жетектеп, кийинчерээк Токмок шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болгон.
Министрлик жаңы жетекчинин театрдын чыгармачылык багытын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана аймактагы маданий жашоону жандандырууга салым кошоруна ишеним артарын белгиледи.