Чүй облусунда кооптуу аймакта курулуп жаткан эс алуу жайы аныкталды

17:13, 30 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Чүй облусунда «Жилингир» ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуш объектисин аныктады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, эс алуу жайы «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын 37-«Шаар куруу жана архитектуралык документациянын статусу» жана 45 «Шаар куруу жана архитектура ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин укук бузууларынын түрлөрү» беренелерин бузуу менен курулган.

Ошондой эле бул объект сел жүрүүчү кооптуу аймакта жайгашканы аныкталган.

Курулуш министрлиги
Шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн «Жилингир» ЖЧКсына айып салынып, аларды оңдоо боюнча буйрук чыгарылган.