18:14, 30 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 1-2-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
1-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 10...15;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27;
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 7...9°, күндүз 12...14° болот.