08:00, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Алматынын «Кайрат» клубу Чемпиондор Лигасынын жалпы этабынын экинчи турунда мадриддик «Реалдан» 5:0 эсеби менен жеңилип калды. Оюн Алматыдагы Борбордук стадиондо өттү.
Тарыхый оюнду 20 миңден ашуун футбол сүйүүчүлөрү көрдү. Оюндун 73-мүнөттө Килиан Мбаппе кайрадан гол киргизип, хет-трик жасады.
83-мүнөттө Эдуардо Камавинга «Кайраттын» дарбазасына төртүнчү гол киргизди. Ал эми кошумча убакытта Браим Диас дагы бир гол киргизип, акыркы эсепти бекитти.
Оюн 5:0 эсеби менен Мадриддик клубдун жеңиши менен аяктады.
Эске салсак, Казакстандын «Кайрат» клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу «Селтик» командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алган.
«Кайрат» клубу «Селтикти» жеңүү менен УЕФАнын байге фондунан кеминде 18 миллион 620 миң евро же 11,7 миллиард теңге каражат утуп алган. Мындан тышкары, негизги этаптагы ар бир утуш үчүн 2,1 миллион евро, тең чыгуу үчүн 750 миң евро кошумча сыйлык берилет.