Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу, драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган "«Алыкул — Ата Журттун акыны» эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иманкулов фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.
«Алыкул Осмонов — улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы — жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү — акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили», — деп баса белгиледи мамкатчы.
Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Фестивалдын жүрүшүндө поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.
Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнө салган.