11:17
USD 87.41
EUR 102.75
RUB 1.05

Быйыл Кыргызстанда төрт соода-логистикалык борбор ачылат

Жыл аягына чейин Кыргызстанда төрт соода-логистикалык борбор ачыла турганын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сентябрь айына карата өлкөдө 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатса, анын бешөө быйыл ишке киргизилген.

Курулуш фазасында кампалар жана кеңселер курулуп, заманбап жабдуулар жана IT системалары орнотулат. Андан кийин товарларды кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү процесстери ишке киргизилип, электрондук документ жүгүртүү жана санариптик кызматтар ишке ашырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар