09:40, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Сентябрдын соңуна карата Кыргызстанда 14 миң 602 чет элдик номурлуу унаа катталган. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Каттоо географиясы:
«Чет өлкөлүк номурлуу унаалардын саны боюнча Чүй облусу алдыңкы орунда, ал эми Нарын облусу эң аз болуп саналат. Көпчүлүк унаалардын кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб сантиметрге чейин болуп, жалпы көлөмдүн болжол менен 71 пайызын түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясы жыйынтыкталган.