Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетет

10:05, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Луис Бернат Молина футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетет. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинен билдирди.

Фото КФБ. Луис Бернат Молина футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетет.
Башкы машыктыруучунун команда менен иштөөсү мөөнөтүнөн мурда токтотулганы такталды. Чечим анын келишиминин мөөнөтү бүтө электе кабыл алынган.

Эскерте кетсек, испаниялык машыктыруучу Кыргызстандын курамасын 2023-жылдын ноябрында кабыл алган. Анын жетекчилиги астында команда 2024-жылкы Азия Кубогуна ийгиликтүү катышкан. 2026-жылы Азия Кубогунун тандоо турунда Кыргызстан Чыгыш Тимор, Палестина жана Өзбекстанды жеңип, F тайпасында биринчи орунду ээледи.

Луис Бернат Молина карьерасын «Барселонада» машыктыруучунун жардамчысы катары улантат.