Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат деген милиция кызматкерине байланыштуу маалыматтын таралышы боюнча кызматтык иликтөөнүн алкагында жалган маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды.
Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.
ИИМ жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды гана алууга жана ишенүүгө чакырат.