Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады.
«Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер!
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь — Карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул майрам ар бирибизди ата-бабалардан калган асыл салтты, улуу мурастарды урматтап, карыларга болгон сый-урматты дагы бир жолу эске салат.
Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо, алардын акыл-насаатына кулак төшөө эзелтен калыптанган нарк. Бул нарк каны-жаныбызга сиңип, бүгүнкү күнгө чейин үзүлбөй жетти.
Элибиз: «Карынын кебин капка сал», «Карынын сөзү — жамак, жамагы жашоого сабак», — деп улуу муундун айтканын турмуштун казынасы катары баалаган. «Ак сакалдуу карыя — акылы терең дарыя» — деп да бекеринен айткан эмес. Чындыгында, сиздердин ар бир насаатыңыздар элибиз үчүн жол көрсөтчү чырак болуп келген жана боло берет.
Кыргызда: «Аксакал турган жерде акыл бар, апалар турган жерде ырыскы бар» деп айтылат. Чындыгында, сиздердин тажрыйбаңыздар, мээнетиңиздер, насаатыңыздар — биздин коомубуздун негизги байлыгы жана бүгүнкү жаш муунга үлгү, келечекке ишенимдүү кадам таштоого күч-кубат болуп келет.
Конституциябыздын негизги жоболорунда Кыргызстан социалдык мамлекет жана ар бир жаран социалдык камсыздоого жана пенсияга укуктуу экени так жазылган. Бул мамлекетибиздин сиздерге болгон мыйзамдуу жана моралдык милдети.
Мамлекетибиздин карыларга болгон саясаты адам укуктары жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерди жана Конституциябыздын жоболорунан келип чыккан улуттук мыйзамдарды так сактоого негизделет.
Улуу муундун активдүү жана татыктуу жашоосун узартуу максатында мамлекет акысыз социалдык кызматтардын тизмесин кеңейтип, эс алуу жана көңүл ачуу жайларынын санын көбөйтөт. Өлкө боюнча геронтологиялык борборлорду, паллиативдик жардам берүүчү борборлорду, кризистик жана психологиялык кызматтарды түзүү иштери улантылат. Эң башкысы — ар бир кадам жарандардын чыныгы муктаждыгына жооп бериши зарыл.
Ошону менен бирге 2025-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөбүздө пенсияларды индексациялоо жүргүзүлөт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн коэффициент 10 пайызга жогорулайт, бирок 600 сомдон кем эмес кошулат. Натыйжада бардык пенсионерлердин пенсиясы жогорулатылат, ал эми пенсиянын жалпы өлчөмү 7 миң 100 сомдон төмөн болбойт.
Бул чечим ардагерлердин жана улгайган жарандардын социалдык корголушун жакшыртууга, карылыгына татыктуу кам көрүүгө, мамлекеттин жана коомдун алдында аткарган ак эмгегин татыктуу баалоого багытталган.
Урматтуу аталар жана апалар!
Сиздердин өмүр жолуңуздар, эмгегиңиздер элибиздин бүгүнкү бейпил турмушунун пайдубалы болуп калды. Бүгүнкү жаш муун сиздерден ыйманды, адеп-ахлакты, чыдамкайлыкты үйрөнүп жатат.
Дагы бир жолу сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм! Ден соолугуңуздар бекем, өмүрүңүздөр узун болуп, кадыр-баркыңыздар арта берсин!"