13:01, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жашы жете элек Айсулуунун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча иш президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды.
«Ошол эле учурда мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.
Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.