13:40, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек-2 темир жол вокзалына «Golden Eagle Luxury Trains» туристтик поезди келип жетти.
60тан ашык чет элдик туристтерди «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Бүгүнкү күндө 2025-жылы Кыргызстанга жети чет элдик туристтик поезд келди. Октябрда дагы туристтик поезддердин келүүсү күтүлүүдө, бул дагы чет элдик коноктордун өлкөбүзгө болгон кызыгуусун көрсөтүүдө.