«Жалын» балдар лагери жана 4,8 гектар жер мамлекетке кайтарылды
14:46, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Фото УКМКнын басма сөз кызматы . «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусундагы «Жалын» балдар ден соолукту чыңдоо комплексине мурда таандык болгон мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганын аныктады. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы жер тилкелери жана имараттар «Кыргыз лифт» ААКга таандык экени аныкталган.
Натыйжада ААК ыктыярдуу жана акысыз түрдө мамлекетке:
Жалын балдар ден соолук комплекси;
4,82 га жер тилкеси;
жалпы аянты 4614,8 чарчы метр болгон имараттар кайтарылды