17:17, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Коргоо министрлигинде жарандарды контракттык аскер кызматына алууда коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (Пара алуу) 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен Б.М. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Атайын кызмат учурда аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү издөө жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.