17:44, 01 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 2-октябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +10 ... +15,
Талас жергесинде +10... +15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +18... +23,
Ысык-Көлдө +10 ... +15,
Нарында +10... +15 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +13... +15 градуска жетет.