10:05
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

III КМШ оюндары: Кыргызстандык таэквондочулар үч медалга ээ болушту

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. Кыргыз курама командасы

Азербайжанда өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин III оюндарында кыргызстандыктар таэквондо боюнча күч сынашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги социалдык тармактарда билдирди.

Кыргыз курама командасы үч медалга ээ болду:

  • Нурхан Самидинов (58 килограммга чейин) күмүш байге
  • Абдулазим Абдурахимов (87 килограмм) күмүш байге
  • Рамазан Дыйканбаев (68 кг чейин) коло байге.

Эске сала кетсек, КМШ мамлекеттеринин III оюндарында кыргызстандык самбочулар төрт медаль тагынышкан.

III КМШ оюндары Азербайжандын жети шаарында өтүп жатат жана 8-октябрда жыйынтыкталат. Программада спорттун 21 түрү боюнча мелдештер жана 505 медаль ойнотулат.

Кыргыз Республикасынын атынан 126 спортчу катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар